«1-июнь балдарды коргоо күнүнө » карата арналган Талас облусундагы «Талас -келечек балдары» майып балдарды коргоо коомдук фонду тарабынан уюштурулган иш-чарага Талас облустук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттукташып, өз салымдарын кошушуп каалоо тилектерин айтышты.
Балдарыбыздын балалык доору кубанычка, жүрөктөрү мээримге толсун. Ар бир күнү шаттыкка бөлөнүп, билимдүү, тарбиялуу болуп чоңоюларына тилектешпиз! Алардын көзүндөгү үмүттөрдү жандырып, жүрөгүндөгү кыялдарын канааттандыруу – биздин эң чоң максатыбыз.
Биз ар бир баланын күлкүсүндө келечектин жарыгы бар экендигине ишенебиз.
Боорукердик- адамзатты бийик кылган эң улуу касиет. Ал эми бир балага сунулган жардам – бүтүндөй келечекке берилген үмүт болуп саналат.




