Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Талас облусунун жергиликтүү уюм- мекемелери жана ишканалар, анын ичинде Талас облустук эмгек жамааты аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында ишембилик өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Талас облустук, Манас, Бакай-Ата жана Айтматов райондук сотунун кызматкерлери соттун имаратынын сырткы дарбазасын, айнек терезелерин сырдоо, бак дарактарды актоо жана имараттын айлана тегерегинде топтолгон таштандылардан тазаланып, имараттын тышкы көрүнүшүн ирээтке келтирип, айыл өкмөтүнөн техника тартылып, соттун имаратына суу келүүчү арыктар тазаланып, бир нече гүлдөрдүн түрлөрү отургузулуп, тазалоо иш-чара ишембилигин өткөрүштү.




