KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Бакай-Ата райондук сотунун аппарат кызматкерлери “Манас” угуу декадасынын алкагында иш-чара өткөрүштү

02 декабря 2025

Бакай-Ата  райондук сот тутумунун кызматкерлери, аталган райондо жайгашкан  С.Сооронкулов атындагы борборлоштурулган китеп канасында “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган “Манасым – менин мурасым” аталышында иш-чара өткөрүштү.


Иш-чараны Бакай-Ата райондук сотунун аппарат кызматкерлери өздөрү даярдашып, аталган соттун бөлүм башчысы Фатима Бошкоева “Манас” эпосу тууралуу кызыктуу маалыматтарды жана кыргыз элинин турмушундагы орду тууралуу айтып өтсө, ошол эле райондук сотунун сот приставы Сыймык Мырзабаев  «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү аткарып берди.


Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бекитилген иш-планга ылайык, Талас облустук жергиликтүү сот тутумунда «Манас» угуу декадасынын алкагында иш-чаралар өткөрүлүүдө.