Бакай-Ата райондук сотунун 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата түзүлгөн иш планынын негизинде райондук сотунун төрагасы Найзабек Абдыганиевдин төрагалыгы алдында, сот тутумунун кызматкерлери, ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугу жана жалпы дарыгерлик практикалык борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол жыйыны өткөрүлдү.
Жыйында аталган соттун төрагасы Найзабек Абдыганиев жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, айдоочулар мас абалында транспорт каражатын башкарууда чоң жоопкерчилике алып келээрин, ал эми жол кыймылынын коопсуздугун тескөөчүлөру тарабынан мас абалында транспорт башкарган айдоочуларга карата түзүлгөн протоколдор туура жана так түзүлүшүн, материалдарды сотко өткөрүүдө документтердин толук камсыз кылуусун талап кылуу менен бирге укук бузуучуларга карата жаза колдонуу чоң мааниге ээ экенин белгилеп өттү.
Мындан ары аталган жагдайларды болтурбоо максатында, Бакай-Ата районунун жалпы дарыгерлер практика борборунун жетекчисинин медициналык күбөлөндүрүү жана медициналык күбөлөндүрүүнүн протоколун тариздөөгө көңүл буруу, ошондой эле медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү атайын нарколог тарабынан гана акт түзүлүшүнө талап коюлду. Протоколдорду түзүүдө жол берилген кемчиликтерди мындан ары болушуна жол бербөө үчүн жол кыймылынын коопсуздугун тескөөчү инспекторлорго маалыматтык түшүндүрүү иш чаралары өткөрүүлөрүн жана медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүүчү медициналык кызматкелерге окутуу уюштуруулаары жөнүндө өкүлдөр тарабынан белгиленип өттү.
Жолугушуунун соңунда ушул сыяктуу кемчиликтерди болтурбоо максатында маалыматтык жолугушүүларды үзгүлтүксүз өткөрүп турууну сунушташты.




