KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Аксакалдар сотторуна методикалык колдоо көрсөтүү

04 июля 2025

Манас райондук сотунда, соттун төрагасы Расул Жолдошалиев, судьясы Акжол Эргешов аксакалдар соту менен өз ара кызматташууну жакшыртуу максатында маалыматтык жыйын өткөрүштү.


Жыйында, соттун төрагасы Расул Жолдошалиев, судьясы Акжол Эргешов 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата түзүлгөн иш планынын негизинде аксакалдар сотторуна калкты соттун ишмердүүлүгү жөнүндө таныштыруу жагы, анын ичинде соттук отурумда жаралган көйгөйлүү маселелери боюнча иш-чараларды тийиштүү түрдө көзөмөлгө алууну сунуштап өттү.


Райондо жайгашкан ар бир айылдын аксакалдар сотторунун төрагалары өздөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жарандар менен сотко чейинки жаралган маселелери боюнча жергиликтүү айыл өкмөт башчылары, прокуратура менен бирдиктүү иш алып барып жаткандыгын айтып өтүштү.


Жыйындын соңунда аксакалдар соттору менен судьялардын ортосунда пикир алмашуудан кийин тыгыз байланышта иш алып барууну макулдашышып, мындан башка көйгөйлүү маселелер боюнча дагы чогулуштарды өткөрүүнү чечишти.