Талас облусттук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов Кыргыз Республикасынын Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, облустук мекеме жетекчилеринин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү башчылары менен бирдикте Айтматов районундагы Шекер айылынын Күркүрөө маданият үйүндө ошондой эле Аманбаев айылынын Үсөнбаев Токтогул атындагы маданият үйүндө эл менен жолугушуулары улантылууда.
Жолугушууда жергиликтүү элдердин көйгөйлүү маселелер, аймактарды өнүктүрүү, электр энергиясы, таза суу жана башка маселелер каралып жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жеринен чечүүгө бир катар тапшырмалар коюлду.
Эл менен жолугушуу 2026-жылдын 23 майына чейин улантылат.




