Айтматов райондук сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин 2025-жылдын 12-августундагы №202 сандуу буйругу менен бекитилген, Сот тутуму үчүн “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уӊгужолунун принциптерин, баалуулуктарын жана жоболорун ишке ашыруу боюнча кабыл алынган иш-пландын негизинде иш-чара болуп өттү.
Иш-чарада Айтматов райондук сотунун төрайымы Гулмира Бапанова ачып, өз сөзүндө “Манас” эпосунун кыргыз элинин турмушундагы мааниси бийик экендигин белгилеп, «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча Жарлыгын ишке ашыруу максатына баяндама жасап өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө аталган соттун судьялары Эльмира Асанова менен Индира Асилова “Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамынын берилиши – адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгонун” белгилеп өтсө, райондук соттун ар бир кызматкери кыргыз тили жөнүндө белгилүү акындардын ырларын көркөм окушуп, кыргыз тилин өркүндөтүүгө өз салымдарын кошуп, эне тилин сактап, даңктоого чакырык жасалды.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бекитилген иш-планга ылайык, Талас облустук жергиликтүү сот тутумунда “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолуна арналган иш-чаралар өткөрүлүүдө.
https://www.facebook.com/100088319289184/videos/pcb.839676735652962/2081472605980046




