KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Жер талаштар – иштерди кароодо бирдиктүү соттук практика жүргүзүү.

06 августа 2021

2021-жылдын 6-августунда Талас облустук сотунун демилгеси менен Талас областынын жергиликтүү 1-чи инстанциядагы сотторуна “Жер талаштар боюнча иштерди кароо жөнүндө” темасы боюнча семинар өткөрүлдү.


Семинардын лекторлору катары Талас облусунун сотунун жарандык жана экономикалык иштери боюнча төраганын орун басары Айнура Султаналиева жана Талас облусунун Административдик сотунун төрагасы Нурман Нартаев жогоруда айтылган тема боюнча баяндамаларын жасашып, судьялардын жер талаштар боюнча иштерди кароодо кетирген кемчиликтерин, иштерди кароодо кайсы мыйзамдарга терең көңүл буру жана мыйзамдардын талабын бекем сактоосуна көңүлдөрүн бурушту.


Жогоруда өтүлгөн тема боюнча судьялардын арасында катуу талкуу жүрүп жана жыйынтыгында жергиликтүү сотторунда бирдиктүү соттук практика жүргүзүүнү туура көрүштү.


Семинардын жыйынтыгында Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев семинардын лекторлоруна ыраазычылык билдирип жана судьяларга сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдын талабын, Судьянын ар-намыс кодексин бекем сактоону, ошону менен бирге иштердин кароо сапатын жогорулатууну жана иштердин кароонун процессуалдык мөөнөттөрүн сактоону эскертти.


Мындан тышкары, жергиликтүү соттордо каралып жаткан башка категориядагы иштер боюнча дагы семинарлар өткөрүлө тургандыгын билдирди.