KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Бакай-Ата райондук сотунун судьялары Бакай-Ата районунун айыл өкмөттөрүнүн аксакалдар сотторунун төрагалары менен жолугушту

13 апреля 2023

Бакай-Ата райондук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов жана судьясы Кадырбек Матисаков Бакай-Ата районуна караштуу жергиликтүү айыл өкмөттөрүндөгү аксакалдар сотторунун төрагалары жана айыл өкмөт башчылары менен жолугушуу өткөрүштү.


Жолугушуунун алкагында соттун төрагасы жана судьясы сотко арыз  менен кайрылууда  мыйзамдардын талабы боюнча маалымат берип, аймактын аксакалдар сотторунун иш алып баруусунда болуп жаткан көйгөйлүү маселелер талкууланып, аларды биргеликте чечүүгө жана максаттуу иш алып баруу үчүн аракеттерди көрүү жөнүндө сүйлөшүштү.


Ал эми аксакалдар сотунун төрагалары жергиликтүү соттор тарабынан жер талаш, үй-бүлөлүк зомбулук жан башка талаш-тартыштарды чечүүдө маалыматтык жардам көрсөтүүнү суранышып, маселелерди жеринен ыкчам чечүүдө участкалык инспекторлору өздөрүнүн участкасына тийешелүү түрдө милдеттерин так аткарышса жакшы болот эле деген сунуштар болду.


Жолугушуунун сонунда Бакай-Ата райондук сотунун судьялары менен аталган аймактардагы аксакалдар соттору жана айыл өкмөт башчылары менен бирге көйгөйлүү маселелерди чечүү макулдашылды.