KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Милиция күнүно карата сыйлыктар тапшырылды

02 ноября 2022

2022-жылдын 1-ноябрында К.Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрында Кыргыз милициясынын 98 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш чара өткөрүлүп, ага облустук мекемелердин жетекчилери, ички иштер органдарынын кызматкерлери катышышты.


Чогулуштун катышуучуларын кесиптик майрамы менен Талас облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев жана төраганын орун басары Шакирали Акбаров куттуктап, кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн жана коомдук тартипти камсыздоого кошкон олуттуу салымы учун Талас облустук сотунун ведомстволук сыйлыктары менен Талас облустук ички иштер баркармалыгынын башчысы Марлис Асановду  жана өзгөчө айрымаланган ички иштер кызматкерлерин сыйлады.


Талас облустук сотунун басма соз катчысы Нурдин Байжигитов