KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунда жаңы келген судьялар менен чогулуш өткөрүлдү

19 мая 2022

2022-жылдын 19-майында Талас облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев Талас облусунун жергиликтүү сотторунун төрагалары, орун басарлары жана судьялары менен чогулуш өткөрдү.


Чогулуштун жүрүшүндө Талас облустук сотунун төрагасы катышуучуларды Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы З. Базарбековдун облустук соттун төрагасын, орун басарларын жана биринчи инстанциядагы соттордун төрагаларын дайындоо жөнүндө буйруктары менен тааныштырып, ийгиликтерди каалоо менен бирге жаңы дайындалган төраганын орун басарларын жана шаардык, райондук сотторунун төрагаларын куттуктады.


Мындан тышкары, Алмазбек Абдылдаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жетекчилиги тарабынан коюлган талаптарына чогулуштун катышуучуларын көңүлдөрүн бурду, анын ичинде соттун өндүрүшүндөгү иштерди мыйзамдын талаптарын сактоо менен  көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кечиктирилбестен кароо, соттордун автоматташтырылган маалыматтык системасынын иштешин көзөмөлгө алууну.


Ошону менен бирге Талас облустук сотунун төрагасы жаңы дайындалган шаардык, райондук жана административдик сотторунун төрагаларына алардын жоопкерчилиги жөнүндө, сот адилеттигинин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларын жүргүзүүнү, эмгек тартибин бекем сактоону жана соттордун ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктарды жаратпоо максатында судьялардын эмгек өргүүгө чыгуу графигин макулдашуу менен түзүү менен бирге которулуп келген жаңы судьяларга балдарынын окуу мезгили бүткөндө кийин үй-бүлө мүчөлөрүн көчүрүп алып келүү жагын тез арада чечүүнү белгиледи.


Чогулуштун соңунда Талас облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев которулуп келген жаңы судьяларга сот адилеттигинин жүзөгө ашырууда ийгиликтерди каалады.