Мамлекетибиздин жалпы сот тутумунда жарыяланган жазгы ишембилик өткөрүү боюнча “Жашыл сот” иш-чаранын алкагында 2021-жылдын 3 жана 10 апрелинде Талас облусунун жергиликтүү соттору тарабынан, соттордун имараттарын тазалоо иштери жана имараттарынын айлана тегерегин санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча ишембилик өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Талас облусунун жергиликтүү сотторунун имаратынын тегереги топтолгон таштандылардан, жалбырактардан тазаланып жана тал-теректер акталып, куурап калган тал-теректердин ордуна жаңы көчөттөр отургузулду. Ошондой эле, вирустук илдетти алдын алуу максатында соттордун имараттарында дезинфекция иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, жергиликтүү сотторго Талас шаарынын чет-жакадан бөлүнгөн аймактарда да тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Аталган иш-чарага Талас облусунун жергиликтүү сотторунун эмгек жааматтары активдүү катышып жана ишембиликти улантып туурусу чечилди.