2023-жылдын 25-октябрында Талас райондук сотунун эмгек жамааты, Талас мамлекеттик университетинин студенттери жана Талас шаарынын №5 орто мектебинин 9-классынын окуучулары менен бирге “Эне тилинин баалуулугу, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү жана жайылтууну жүзөгө ашыруу” жана Улуу залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулганынын 95-жылдык мааракесине карата “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” деген темаларда аталган райондук сотто иш-чара өткөрүлдү.
Аталган жолугушууда судьялар орто жана жогорку окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнө, ал эми келечекте ар кандай кесиптин ээлерине мамлекеттик тилдин тиешелүү денгээлде өздөштүрүүнү жана колдоно билишин айтышып, ошону менен бирге “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы менен кеңири тааныштырып өтүштү жана мектеп окуучулары менен студенттердин суроолоруна жооп беришти.
Мындан тышкары, дүйнө жүзүнө таанылган ХХ-кылымдын жазуучусу Чынгыз Айтматовдун өмүр баяны жөнүндө баяндама, чыгырмаларынан үзүндүлөр окулуп жана анын чыгырмачылыгынын кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон чоң салымы жөнүндө пикир курушту.