KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

"Адабияттын алп калемгери-Ч.Айтматов" аталыштагы иш чарасы өткөрүлдү

22 ноября 2023

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык юбилейине карата Бакай-Ата райондук сот тутумунун кызматкерлери, ошондой эле В.И.Ленин,  К.Дүйшөбаев атындагы орто мектептеринин окуучулары менен биргеликте “Адабияттын алп калемгери-Ч.Айтматов”  аталыштагы иш чара аталган райондук китепканасында болуп өттү.


Иш чаранын жүрүшүндө “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” деген темага арналып, катышуучулар залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу баяндамалар айтылып, Соттун кызматкерлери мектеп окуучулар менен биргеликте дүйнөгө белгилүү жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын монологдорун аткарышты.


Аталган иш чара ушул сыяктуу жолугушууларды улантуу келишими менен аяктады.