KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

05 марта 2024

5-март “Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин” кесиптик майрамына карата Талас облустук сотунда салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Иш чара облустук соттун төрагасы Алмазбек Абдылдаев тарабынан ачылып, аппарат кызматкерлерин, жергиликтүү соттордун төрагаларын, судьяларын кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле жалпы соттун жамаатын Талас облустук ички иштер башкармалыгын башчысы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Талас облусундагы өкүлү жана облустук прокуратурасынын өкүлдөрү сот тутуму түзүлгөндүгүнүн быйыл 100 жылдык маарекеси менен дагы куттуктап өттү. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жана Акыйкатчысынын төш белгилери жана облустук ички иштер башкармалыгынын, облустук прокуратурасынын  ведомстволук сыйлыктары менен облустук соттун төрагасы жана бир катар жергиликтүү соттордун төрагалары, судьялары жана соттун аппарат кызматкерлери сыйланышты.


Андан соң сот тутумунда жигердуу эмгектенүүдө өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Талас облустук сотунун ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты.