KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

15 марта 2023

5-март “Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин” кесиптик майрамына карата Талас облустук сотунда салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Анда, облустук соттун төрагасы Алмазбек Абдылдаев  аппарат кызматкерлерин, жергиликтүү соттордун төрагаларын, судьяларын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук  башкармалыгынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын медалы жана ведомстволук сыйлыктары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин юбилейлик медалдары жана сыйлыктары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Ардак грамоталары менен облустук соттун төрагасы жана бир катар жергиликтүү соттордун төрагалары, судьялары жана соттун аппарат кызматкерлери сыйланышты.


Андан соң сот тутумунда жигердуу эмгектенүүдө өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Талас облустук сотунун Ардак грамоталары менен сыйланып, Алкыш жана Ыраазычылык каттары берилди.