KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

31-август “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө” карата Талас облустук сотунун төрагасы салтанаттуу жыйналыш өткөрдү

01 сентября 2021

31-август “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө” карата Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев салтанаттуу жыйналыш өткөрүп, анда Талас облустук сотунун судьяларын жана аппарат кызматкерлерин куттуктап, каалоо-тилектерди айтты.


Ошону менен бирге төраганын сунушунун негизинде сот тутумунда жигердүү жана кынтыксыз эмгектенгендиги үчүн Талас облустук сотунун судьясы Азамат Алдашов жана судьянын жардамчысы Турат Токтосунов, Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу Талас шаарынын мэринин сыйлыктары менен сыйланышты.


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Архив ишинин 95-жылдык мааракесине карата Талас облустук мекеме-уюмдар арасында өткөрүлгөн “Мыкты тармактык архив” кароо сынагында 3-чү орунду алгандыгы үчүн Талас облустук соту  Ардак грамота менен сыйланган.