KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Бакай-Ата райондук сотунда тегерек стол өткөрүлдү

02 марта 2023

Бакай-Ата райондук сотунун 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата түзүлгөн иш планынын негизинде аталган соттун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов, судьясы Кадырбек Матисаков жана аппарат кызматкерлери менен, ошондой эле Бакай-Ата районунун прокуратурасынын, аталган район боюнча пробация органынын, калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмүнүн жана райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү.


Бакай-Ата райондук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов сот органдарына кайрылган жарандардын саны өсүп жаткандыгын, ошондуктан ишти тездетүү жана жеңилдетүү максатында укук коргоо жана жергиликтүү мамлекеттик уюмдар менен макулдашып  иш алып баруу зарыл экендигин белгиледи.


Тегерек столдо бир катар маселелер көтөрүлүп, анын ичинен райондук прокуратура өкүлү соттун төрагасы жана судьясы тарабынан сот актыларынын өз убагында аткарылышын көзөмөлгө алуу тууралуу жана башка бир катар маселелер боюнча талкуу жүргүзүлдү.


Ал эми, калкты каттоо департаменти региондор аралык бөлүмүнүн өкүлү аймактарды санариптештирүүдө  жаны ишке кирген функциянын негизинде мындан ары маалымат баракчасы калкты каттоо департаменти региондор аралык бөлүмү аркылуу бериле тургандыгы тууралуу түшүндүрүү жөнүндө иш чарасын жүргүздү.


Соттун төрагасы тегерек столдун катышуучуларына райондук соттун өндүрүшүнө келип жаткан укук бузуу материалдары боюнча түзүлүп жаткан протоколдорун даярдоодо туура, кемчиликсиз жана ар бир укук бузуу материалын жетекчиликтин жеке көзөмөлүнө алуусуна сунуш келтирди.


Талкуунун жыйынтыгы боюнча тараптар тегерек столдо көтөрүлгөн маселелер боюнча мындан ары өз ара аракеттенүүнү координациялоо жөнүндө макулдашууга жетишишти.