KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас райондук соту прокуратура, аксакалдар соттору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иштерин жакшыртуу аракеттерин күчөтүүдө.

25 марта 2023

Талас райондук сотунда соттун төрагасы Бакытбек Жаназаков жана судья Жоомарт Ганиев, прокуратура органы, аксакалдар соту жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен өз ара кызматташууну жакшыртуу максатында маалыматтык жыйын өткөрушту.


Жыйында соттун төрагасы Бакытбек Жаназаков, судья Жоомарт Ганиев аксакалдар сотторуна жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калкты соттун ишмердүүлүгу менен таныштыруу, анын ичинде соттук отурумда жаралган көйгөлүү маселелерди тийиштүү түрдө көзөмөлдөөнү сунуштап өттү.


Райондо жайгашкан ар бир айылдын аксакалдар сотторунун төрагалары өздөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жарандар менен сотко чейинки жаралган маселери боюнча жергиликтүү айыл өкмөттүн имаратында тыгыз иш алып барып жаткандыгы тууралуу айта кетишти. Ал эми кээ бир аксакалдар соттун төрагалары жергиликтүү өз ара башкаруусу тарабынан бөлмө бөлүнүп берилет деп, бирок бүгүнкү күнгө чейин берилбегендигин белгилеп кетишти.


Андан тышкары айыл өкмөт башчылары, прокуратура жана аксакалдар соттору ошондой эле жарандар менен бирдиктүү иш алып барып жаткандыгын айтып өтуштү.


Жыйындын соңунда прокуратура, аксакалдар соттору жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары менен судьялардын ортосунда пикир алмашуудан кийин тыгыз байланышта иш алып барууну макулдашышып, мындан башка көйгөйлүү маселелер боюнча дагы чогулуштарды өткөрүүнү чечишти.