KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук соту 2021-жылдын биринчи жарым-жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

24 августа 2021

2021-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төраганын орун басары Качыке Эсенкановдун катышуусунда Талас областынын жергиликтүү сотторунун 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгү боюнча видео конференц байланышы аркылуу кеңешме өткөрүлдү.


Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басарлары, судьялары, соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, Талас облусунун жергиликтүү сотторунун төрагалары, орун басарлары жана судьялары катышышты.


Кеңешмеде Талас облустук соттун төрагасынын орун басарлары биринчи инстанциядагы ар бир судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашырууда иштерди кароо сапаты, анын ичинде апелляциялык тартипте даттанылган соттук актылардын бузулушунун, өзгөртүлүшүнүн себептери боюнча маалымат менен тааныштырышты жана ал боюнча талкуулар жүргүзүлүп, соттордун кетирген кемчиликтерине көңүлдөрү бурулду. Ошону менен бирге иштерди кароодо келип чыккан суроолор талкууланды.


Талас облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча төраганын орун басары Омурлан Тункатаров статистикалык маалыматтар менен тааныштырып, анда жергиликтүү биринчи инстанциядагы соттордо 2021-жылдын  биринчи жарым жылдыгында  жалпы 782 иш каралганын (2020ж.- 767 иш) же 1,91% пайызга көбөйгөнүн, анын ичинен апелляциялык тартипте 39 иш даттанылганын (2020ж. – 32 иш) же 21,8% пайызга көбүрөөк даттанылганын белгиледи.


Талас облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштери боюнча төраганын орун басары Айнура Султаналиева соттук коллегиянын ишмердүүлүгү менен тааныштырып жана биринчи инстанциядагы соттордун иштерди кароо сапаты жөнүндө маалымат берди. Анда, 2021-жылдын аталган мезгилинде жалпы 1019 иш каралса 2020-жылга салыштырмалуу (775 иш) бул көрсөткүч  31,5% пайызга көбөйгөнүн, ал эми анын ичинен апелляциялык тартипте даттанылган соттук актылардын көрсөткүчү 25% пайызга төмөндөгөнүн же 2021-жылы 54 ишти түзсө, 2020-жылы 72 ишти түзгөн.  Ошону менен бирге, иштердин кароо сапаты боюнча дагы башка маалыматтарга баа барилди.


Талас облустук сотунун административдик иштери боюнча төраганын орун басары Жекшеналы Курманбаев соттук коллегиянын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып, биринчи инстанциядагы соттордун иштерди кароо сапаты жөнүндө маалыматка токтолду.  Статистикалык маалыматка караганда, Талас облусунун административдик соту тарабынан 2021-жылдын  биринчи жарым жылдыгында  жалпы 54 иш каралганын (2020ж.- 40 иш) же 35% пайызга көбөйгөнүн, анын ичинен апелляциялык тартипте 19 иш даттанылганын (2020ж. – 11 иш) же 8 иш боюнча соттук актыга көбүрөөк даттанылганын белгиледи жана даттанылган соттук актылардын бузулушунун, өзгөртүлүшүнүн себептерине кеңири токтолду.


Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев Талас облусунун жергиликтүү сотторунун ишмердүүлүгү боюнча жалпылоо үчүн баяндама жасап, анда жергиликтүү соттордун жалпы соттук актыларынын апелляциялык жана кассациялык тартипте бузулушунун, өзгөртүлүшүнүн себептерине токтолуп кетти. Ошону менен бирге 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарууга коюлган Иш пландарындагы иш чаралардын аткарылышы жөнүндө маалымат берип жана экинчи жарым жылдыкка коюлган иш чаралар боюнча жана АИС анын ичинде АРД, АВФ с  системаларынын иштеши боюнча кеңири маалымат берип өттү.