Талас шаардык сотунда, аталган соттун төрагасы Алмаз Мамашов, судьялар Чынара Мамбетова, Муктарбек Турсункуловдун жана соттук аткаруучулар кызмат болумунун соттук аткаруучулары, Талас шаарынын прокуратурасынын, ички иштер бөлүмүнүн ошондой эле жол кайгуул кызматынын жана пробация өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Укук бузуу боюнча кодексинин айрым беренелерин, башкача айтканда үй-бүлөлүк зомбулук, укук бузуулар жана майда бейбашчылык боюнча талкуу жүргүзүлдү.
Судьялар милиция кызматкерлерин протоколду туура толтурууга жана далилдерди чогултуунун толуктугуна өзгөчө көңүл бурууга, укук бузуучуну сотко өз убагында алып келүүгө жана алардын укугун сактоого чакырды.
Мындан тышкары, укук коргоо органдарына материалдарды сотко өткөрүү мөөнөтүн сактоо, укук бузуу боюнча протоколдордун мазмунунун тууралыгын көзөмөлдөөнү сунушун беришти.
Жолугушуунун соңунда судьялар менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн пикир алмашууларынан кийин бирдиктүү иш алып баруу үчүн мындай маалыматтык жолугушууларды өткөрүп туруу жагы макулдашылды.