KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас шаардык соту Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексин колдонуу боюнча коомдук коопсуздук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо органдары менен иш-аракеттерин күчөтүүдө

19 апреля 2022

Кыргыз Республикасынын  Укук бузуулар жөнүндө Кодексин колдонуу боюнча практикалык тажрыйбасын жүргүзүү үчүн Талас шаардык сотунун төрагасы Дамир Суйналиев жана судьясы Эсенбек Султановдун  демилгеси менен, Ички иштер органынын участкалык ыйгарым укуктуу милиция жана жол кыймылынын камсыздоо башкармалыгын кызматкерлери менен  жолугушуу өткөрүштү.


Жолугушуунун жүрүшүндө судьялар менен милиция органын жана өкүлдөрү аталган  Укук бузуулар кодексин колдонулушу боюнча пикир алмашышты, ошол эле учурда соттун төрагасы менен судьясы жогоруда аталган ички иштер органынын кызматкерлери тарабынан өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерн аткарууда Укук буузулар жөнүндө Кодексинин талаптарын бекем сактоону, айрыкча укук бузуулар жөнүндө протоколдорун туура толтурууда жана тиешелүү мөөнөттөрдө аларды тиркелген материалдары менен бирге соттун кароосуна жөнөтүүнү, ошондой эле соттун токтомдорунун аткарылышы жөнүндө белгилеп өтүштү.


Ошол эле учурда, Талас облусу боюнча жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Эдил Осмонбеков аталган Кодексти колдонуу боюнча бардык инспекторлор окуудан (семинар) өтөп жаткандыгын айтса, ал эми Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын ага инспектору Мирбек Рахматилдеев Кодекстин негизинде функционалдык милдеттерин аткарууда кээ бир жерлеринде коллизиялар пайда болуп жана башкармалыктын жектекчилигине билдирилип жатканын белгилеп өттү.


Жолугушуунун соңунда, судьялар менен Коомдук коопсуздук кызматынын жана жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ортосунда пикир алмашуулардан кийин, бирдиктүү иш алып баруу үчүн мындай маалыматтык жолугушууларды өткөрүп турууну макулдашышты.


 


Талас облустук сотунун  басма сөз катчысынын м.а.               Э. Балыбаев