KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас шаардык соту пробация органы, медиаторлор жана аксакалдар соту менен ишин жакшыртуу аракеттерин көрүүдө

21 февраля 2022

Талас шаардык сотунда, сот тутумунун пробация органы, медиаторлор жана аксакалдар соттору менен өз ара кызматташууну жакшыртуу максатында Талас шаардык сотунун төрагасы Дамир Суйналиев жана судьялары Акылбек Турусбеков менен Эсенбек Султанов Талас облусунун пробация департаментинин, Талас облустук “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмесинин жана Талас шаарынын аксакалдар сотунун өкүлдөрү менен маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү.


Жолугушууда, катышуучулар Медиация коомдук бирикмесинин, пробация органынын жана аксакалдар сотунун ишмердүүлүгү менен кеңири таанышып чыгышты.


Талас облустук “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмесинин башчысы Карагул Осмоналиев, “Медиация жөнүндө” мыйзамы менен жарандар толук маалымдалбаганын, ал боюнча кеңири иш-чара жүргүзүү керектигин жана соттошуп жаткан жарандар менен медиациялык жолугушуу өткөрүү үчүн бөлмө бөлүп берүү жагы боюнча жергиликтүү аткаруу бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп өттү.


Ал эми, Талас шаарынын аксакалдар сотунун төрагасы Жумабек Атамбашиев өздөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштырып жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусу Талас шаарынын мэриясы тарабынан аксакалдар сотуна бөлмө бүлүнүп берилет деп бүгүнкү күнгө чейин берилбегенин айтып өттү.


Ошол эле учурда, Талас шаары жана Талас району боюнча пробация органынын өкүлү Таалай Момбеков жаңы кодекстер менен аларды колдонууга киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын жана күчүн жоготкон кодекстер боюнча соттолгондордун айыпка кириптер болгон жазасын аткаруу боюнча судьялар менен пикир алмашып, талкулоо жүргүзүлдү.


Маектешүүнүн соңунда, соттун төрагасы Дамир Суйналиев медиаторлор менен аксакалдар сотунун өкүлдөрү жакшы иш алып баруусунун натыйжасында жергиликтүү сотторуна жарандардын арыз менен кайрылуусу азая турганын белгилеп өттү.  Ошону менен бирге пробация, медиация органдары жана аксакалдар соттору менен мындай иш-чараларды өткөрүп турууну макулдашышты.


 


Талас облустук сотунун  басма сөз катчысы м.а.                               Э. Балыбаев