KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облусунун Талас райондук соту жол кыймылынын коопсуздук тобу менен жолугушуу өткөрдү.

14 марта 2024

Талас райондук сотунун иш планын негизинде аталган соттун төрагасы Бакытбек Жаназаков, судья  Жоомарт Ганиев жана аппарат кызматкерлеринин катышуусунда Талас облусунун Талас райондук жол кыймылынын коопсуздук тобунун өкүлдөрү менен маалыматтык түшүндүрүү жолугушуусу өткөрүлдү.


Жыйында  соттун төрагасы Бакытбек Жаназаков жана судья Жоомарт Ганиевдин демилгелери менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин айрым беренелерине өзгөртүүлөр киргендигине байланыштуу, райондук жол кыймылынын коопсуздук тобунун инспекторлоруна материалды сотко өткөрүүдө документтердин толук камсыз кылуусун жана укук бузуу протоколдорун түзүүдө кемчиликтер жаралып жаткандыгын  айтып, ал боюнча талкуу жүргүзүштү.


Өз кезегинде Талас райондук  жол кыймылынын коопсуздук тобунун инспекторлору тарабынан кээ бир укук бузуучулар түзүлгөн протокол менен макул болбой, кол коюуудан баш тартып, түзүлгөн протокол негизсиз деп кунөөсүн мойнуна албаган учурлар көп кездешерин айтып өтүштү.


Жолугушуунун соңунда бирдиктүү иш алып баруу үчүн маалыматтык жолугушууларды өткөрүп туруу макулдашылды.