KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук Административдик соту жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тегерек стол өткөрүштү

22 мая 2024

Талас облустук Административдик сотунун имаратында судьялардын, прокуратура жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда  кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоо, жер иштерин трансформациялоо жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жол жоболору боюнча тегерек стол өткөрулдү. Аталган жыйын облустук Административдик сотунун төрагасы Данияр Багишев, судья Сулайман Эргешов тарабынан уюштурулду.


Жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын негизинде  судьялар тарабынан аймактарды бириктирүүдө мыйзамсыз сатылган жер тилкелери аныкталгандыгы жана мындай укук бузуу иштери алдын алуу зарылдыгы белгиленди. Административдик органдардын ишмердүүлүгүндө кабыл алган административдик актылары мыйзамдуу жана негиздүү болушу үчүн  укуктук ченемдик актылардын сактоо талаптары коюлду.