KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас шаардык сотунун судьялары күчүнө кирген жаңы кодекстерди колдонуу боюнча тергөө органдары менен иш-аракеттерин күчөтүүдө

21 февраля 2022

2021-жылы күчүнө кирген “Кыргыз Республикасынын  колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жана Укук бузуулар жөнүндө кодексин” колдонууну тажрыйбасын жүргүзүү үчүн Талас шаардык сотунун төрагасы Дамир Суйналиев жана судьялары Акылбек Турусбеков менен Эсенбек Султанов прокуратура, улуттук коопсуздук комитетинин жана ички иштер органдарынын тергөө бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүшүп, аталган жаңы кодекстерди колдонуу боюнча талкулоо жүргүзүштү.


Судьялар менен тергөө органынын өкүлдөрү жаңы кодекстердин колдонулушу боюнча пикир алмашышты, ошол эле учурда судья Акылбек Турусбеков тергөө органдарынын өкүлдөрүнө шектүү адамга карата кармалышынын мыйзадуулугун жана бөгөт коюу чарасын тандоо боюнча сотко чейинки материалдарын сотко Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык кароого алып келүүнү белгиледи.


Мындан тышкары, жолугушуу учурунда Талас облустук прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Сыдыков жаңы күчүнө кирген кодекстер менен иштөөсү кыйла ыңгайлуу болгонун белгилеп кетти.


Жолугушуунун соңунда, тергөө органынын өкүлдөрү менен судьялардын ортосунда пикир алмашуулардан кийин, жаңы кабыл алынган кодекстер менен бирдиктүү иш алып баруу үчүн мындай маалыматтык жолугушууларды өткөрүп турууну макулдашышты.