Эпидемиялогиялык кырдаалды жакшыртуу жана коронавирус илдетине каршы күрөшүү максатында, 2021-жылдын 17- августунда Талас облустук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери COVID-19 илдетине каршы эмдөөнүн экинчи этабынан өтүштү.
Илдетке каршы эмдөө Талас облустук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун атайын эмдөө бөлүмүндө жүргүзүлүп жана атайын интернет сайтынан эмдөөдөн өткөн кызматкерлерге сертификат берүү жагы каралган.