Эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана коронавирус илдетине каршы адамдын иммунитетин иштеп чыгуу максатында, 2021-жылдын 14 жана 21 июлунда Талас облустук сотунун судьяларынын жана аппарат кызматкерлеринин 50% пайызынан көбү COVID-19 илдетине каршы эмдөөнүн биринчи этабынан өтүштү.
Талас облустук сотунда иштеп жаткан судьяларга жана аппарат кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктарды жаратпоо максатында, илдетке каршы эмдөө соттун имаратында медиктердин мобилдик тобу аркылуу жүргүзүлдү.