KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облусунун Бакай-Ата райондук соту жол кыймылынын коопсуздук тобу менен жолугушуу өткөрдү

15 марта 2023

Бакай-Ата райондук сотунун иш планынын негизинде аталган соттун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов, судьясы Кадырбек Матисаков жана аппарат кызматкерлеринин  катышуусунда Талас облусунун Бакай-Ата райондук жол кыймылынын коопсуздук тобунун өкүлдөрү менен  маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуусу өткөрүлдү.


Жыйында төрага Эльярбек Абдимиталипов жана судья Кадырбек Матисаковдун демилгелери менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин айрым беренелерине өзгөртүүлөр киргендигине байланыштуу, райондук жол кыймылынын коопсуздук тобунун инспекторлоруна материалды сотко өткөрүүдө документтердин толук камсыз кылуусун жана укук бузуу протоколдорун түзүүдө кемчиликтер жаралып жаткандыгын жана ал боюнча талкуу жүргүзүштү.


Өз кезегинде Бакай-Ата райондук жол кыймылынын коопсуздук тобунун инспекторлору тарабынан кээ бир укук бузуучулар түзүлгөн протокол менен макул болбой, кол коюудан баш тартып, түзүлгөн протокол негизсиз деп күнөөсүн мойнуна албаган учурлар көп кездешерин айтышып, андан тышкары сотко өткөн материалдар боюнча сот процессин дайындап жаткан учурда, протокол түзгөн райондук жол кыймылынын коопсуздук тобунун инспекторлорун кошо сот отурумуна чакырууну, ал эми калган учурларда район боюнча эки гана инспектор болгондугуна байланыштуу сот процессин алардын катышуусуз кароону суранып, өз ой-пикирин билдирди.


Жолугушуунун соңунда судьялар менен жол коопсуздугун камсыз кылуу органдарынын өкүлдөрү бирдиктүү иш алып баруу үчүн өткөрүлгөн маалыматтык жолугушууларды тез-тезден өткөрүп турууга макулдашышты.