KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Жаздын келиши менен соттор ишембиликтерди өткөрүүдө

25 марта 2023

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 сандуу «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025 жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүүдө натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Талас облусунун аймагындагы калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында ишембиликтер башталды.


Талас облустук сотунун эмгек жамааты соттун имаратынын сырткы көрүнүшүн ирээтке келтирүү,  айлана тегерегин тазалоо иштерин жана Талас-Тараз жолунун боюндагы менен Талас шаарынын аймагында бөлүнүп берилген жер тилкесин таштандылардан тазалап, тал-теректерди актоо иш-чараларын аткарышты.


Мындан тышкары, Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондук жана Административдик соттордун эмгек жамааттары соттун айлана тегерегин тазалоо, жашылдандыруу максатында көчөттөрдү отургузуу, куурап калган тал-теректердин бутактарын кыркуу жана   мурда отургузулган бак-дарактарды актоо жумушчу ишембиликтерин өткөрүштү.