KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Жаны жылдык майрамына карата кайрымдуулук иш-чара өткөрүлдү

26 декабря 2022

2022-жылдын 25 декабрында «Ата Нуру» кайрымдуулук фонду менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун жетекчилигинин астында сот тутумунун каржылоосу менен Талас облусуна караштуу Талас районундагы Кара-Суу айылынын Аманбек Карыпкулов атындагы орто мектебинде аз камсыз жана ата-энесинен эрте ажыраган балдарга жакындан жардам көрсөтүү максатында жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү.


Оюн-зоок майрамына Талас облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев, Кара-Буура райондук сотунун төрайымы Гулмира Бапанова жана судьялары Элмира Асанова, Индира Асилова катышып, сөз сүйлөп каалоо тилектерин айтышты. Балдарга жаңы жылдык кийим кече жана белектер тапшырылды. Ошондой эле Аяз ата, Аяз кыз менен биргеликте, сот тутумунун кызматкерлери балдар менен балатыны айланып, ырдап, бийлеп көңүлдүү маанайда жаңы жыл майрамын өткөрүштү. Балдардын сүйүнүчүнө чек жок!


Балаты майрамынын жыйынтыгында Кара-Суу айыл өкмөтү жана «Ата Нуру» кайрымдуулук фонду тарабынан Талас облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаевге жана сот системасынын судьяларына ыраазычылык каттары тапшырылды.


Ошондой эле кийим кече жана белектер Кара-Суу айылында жайгашкан «Бермет Апа» балдар бакчасынын 48 тарбиялануучусуна жана «Бекмолдо» айыл өкмөтүндөгү Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектебинин 45 окуучусуна да тапшырылды.


                                                                                                                                                                Пресс катчы:


Нурдин Байжигитов