KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Мамлекеттик тилди даңазалоо

03 ноября 2023

“Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталыштагы иш-чара Талас шаарындагы көркөм сүрөт музейинде уюштурулду жана  “Манас” эпосунан үзүнду айтылды.


Мамлекеттик тилди даңазалоо максатында Талас облустук сотунун кызматкерлери бул күндөгү иш-чарага активдүү катышышты. Комуз күүлөрү жаңырып, сот кызматкерлери Айтматов аркылуу ааламга тараган кыргыз тилинин баалууулугун даңазалашты. Иш чарага катышкан Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары Абдимиталип Абылакимовдун айтымында областагы сот тутумунда иш кагаздарынын басымдуу бөлүгү кыргыз тилинде жүргүзүлөөрүн белгилеп өттү .


Майрамдык иш-чаранын соңунда сот тутумунун кызматкерлери  тарабынан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр айтылды.


Көркөм сүрөт музейинде өткөн иш-чарага Талас облустук сотунун жана маданият кызматкерлери биргеликте мамлекеттик тилдин баалулугун  даңазалашты.