KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуу жана кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу

27 января 2023

Мектеп окуучуларынын укуктук билим денгээлин жогорулатуу жана жаш өспүрүмдөр тарабынан кылмыштуулукту болтурбоо максатында,  Талас облустук сотунун төраганын орун басары Ильяс Ботоев Жолчубек уулу Урмат атындагы  №9 орто мектебинин окуучуларына барып лекция өттү.


Лекцияда сот тутумундагы болуп жаткан реформалары менен тааныштырып, өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан мыйзам бузуулар жана анын кесепеттери жөнүндө, окуучулар арасында салык салуу, өзүн жанын кыюга баруу (суицид) жана башка көйгөйлүү маселелер боюнча маек курду.


Жолугушуунун суроо-жооп бөлүгүндө  10-11 класстын окуучулары өздөрүн кызыктырган темалар боюнча суроолорду беришип жана сот тутумунун өкүлү тарабынан кеңири жоопторду алышты.


Жолугушуунун соңунда мектептин директору Тариэль Иманалиев сөз сүйлөп, окуучуларга насаат сөздөрүн айтты. Ал эми, жергиликтүү сотунун судьясы мектеп окуучуларына билим алууда, укуктук билимин жогорулатууда ийгиликтерди каалап жана мындай жолугушууларды уюштуруп туруу жөнүндө макулдашышты.