KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуу, кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу.

30 января 2024

Талас шаарындагы Абжалбек Чолпонкулов атындагы №1 жалпы билим берүү мектебинде Талас облустук сотунун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары Абдимиталип Абылакимов аталган мектептин мугалимдер жамааты жана 9-10-11 класстардын окуучулары менен жолугушуу өткөруп,  окуучулардын укуктук билим деңгээлин жогорулатуу жана жаш өспурумдор тарабынан кылмышты болтурбоо, окуучулар арасындагы мыйзам бузуучулук жана аны чечүүдөгү актуалдуу маселелер боюнча лекция өттү.


Ошондой эле жашы жете элек балдардын жоопкерчилиги, ата-энелер менен мугалимдердин ортосундагы мамиле маселелери боюнча кызыктуу маек куруп берди. Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго сот тутумунун өкүлү тарабынан жеткиликтүү жоопторду ала алышты. Соңунда мындан ары да мындай жолугушуулар өтүп туруусу белгиленип өттү.