Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова Талас областына жасаган иш сапарынын алкагында Манастын күмбөзүнө зыярат кылып, куран окутту. Андан тышкары «Манас» адабий-этнографиялык музейдин иши менен таанышты.
Нургуль Бакирова 17-июнда Талас областындагы иш сапары учурунда жергиликтүү соттор менен жолугушуп, сот тутумундагы соңку өзгөрүүлөрдү талкуулашы пландалууда.