Бүгүн 2021-жылдын 27-августунда Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары Айнура Султаналиева Талас облустук телерадио компаниясынын жетекчиси Эрмек Асановду “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнүн” 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, каалоо тилектерди айтып жана терең кызматташуунун негизинде сот тутумундагы болуп жаткан реформаларды калкка чагылдырууда көрсөткөн салымы үчүн Талас облустук сотунун төрагасынын атынан телерадио компаниянын эмгек жамаатына Алкыш жарыяланып тапшырылды.
Мындан тышкары, жалпыга маалымат каражаттары калкка туура маалыматтарды жеткирүүдө жана иш-чараларды чагылдырууда өзгөчө орунду ээлерин белгилеп өттү.
Ал эми, Талас облустук телерадио компаниясынын жетекчиси Эрмек Асанов ыраазычылыгын билдирип, мындан ары сот тутуму менен тыгыз кызматташууну уланта берерин белгиледи.