KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облусунун жергиликтүү соттордун 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

28 августа 2023

2023-жылдын 10-августунда Замирбек Базарбеков Талас облусуна иш сапары менен келип, Талас облусунун жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары менен чогулуш өткөрүп, ар бир каралып жаткан иштерин өз убагындагы каралышын, туура чечим кабыл алуусун белгилеп өткөндүгүнө байланыштуу 2023-жылдын 16-августунда Талас облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев аталган жылдын биринчи жарым-жылдык боюнча отчётун карап жыйын өткөрдү.


Чогулушта жергиликтүү соттун судьяларынын сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда иштерди кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча тааныштырып, биринчи инстанциядагы кээ бир иштери боюнча соттук актылардын апелляциялык тартипте каралууда жокко чыгарылышын же өзгөртүлүшүнүн себептери белгиленди.


Ошону менен бирге судьялардын иштерди кароо боюнча кассациялык инстанциянын статистикалык маалыматтары чагылдырылды.


Чогулуштун жүрүшүндө биринчи инстанциядагы соттордун төрагаларынын жергиликтүү соттордун бекитилген иш пландары боюнча аткарылган иш чаралары жөнүндө маалыматтар угулду.


Жыйындын соңунда Талас облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдын талабын, эмгек тартибин жана судьялардын Ар-намыс кодексинин талаптарын бекем сактоосуна судьялардын көңүлдөрүн бурду.