Талас облустук сотунун төрагасынын м.а. Абдылдаев Алмазбек Жолдошбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин 30-апрель 2022-жылы №01-270 жарлыгынын негизинде Талас облустук сотуна жана райондук, шаардык сотторго кызматтык орун которгон (ротацияланган) судьялар, ошондой эле Талас облустук сотунун аппарат кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.
Жыйында Абдылдаев Алмазбек Жолдошбекович судьялар жана аппарат кызматкерлери менен биргеликте баарыбыздын эң башкы максатыбыз мыйзам чегинде сот адилеттүүлүгүн камсыздоо, жарандарыбыздын укугун коргоону камсыз кылуу экенин баса белгиледи.
Жыйындын соңунда Абдылдаев А.Ж. баардык жаңы дайындалган кесиптештерине ийгилик каалоо менен шаардык жана райондук соттордун судьяларын өз кызмат ордуларына узатты.