KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

“Кыргыз Республикасынын судьялар ассоциациясы” коомдук бирикмеси Талас облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары менен жолугушу өткөрүштү

11 сентября 2021

Бүгүн 2021-жылдын 9-сентябрында “Байбол” этно-комплексинин конференц-залында Талас облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары менен “Кыргыз Республикасынын судьялар асссоциациясы” коомдук бирикмесинин орду жана максаттары”, “Судьянын коомдого орду. Судьянын этикасы” жөнүндөгү темаларга “Кыргыз Республикасынын судьялар ассоциациясы” коомдук бирикмесинин тарабынан тегерек стол өткөрүлдү.


“Кыргыз Республикасынын судьялар ассоциациясынын” коомдук бирикмесинин Башкаруусунун төрайымы Дилара Арстанбаева, аткаруучу директор Майрам Оморова жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун отставкадагы судьясы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Галина Уметалиева  иш-чаранын катышуучулары менен саламдашып, чагылдырылган темалар жана анын негизинде пайда болгон суроолор боюнча активдүү катышууну суранышты.


“Кыргыз Республикасынын судьялар ассоциациясы” коомдук бирикмеси жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Дилара Арстанбаева кеңири презентация жасап, анда бирикменин түзүлгөндүгү, принциптери, максаттары жана милдеттери жөнүндө айтып берди.


“Судьянын коомдого орду. Судьянын этикасы” жөнүндөгү темага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун отставкадагы судьясы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Галина Уметалиева баяндама жасап, сот тутумундагы артыкчылары жана кемчиликтери жөнүндө айтып жана анын судьянын коомдогу ролуна кандай таасир этерин.


Ошондой эле, судьялардын жүрүм-турум этикасы жана Судьянын Ар-намыс кодексинин талаптарын бекем сактоону чакырды жана өзүнүн практикасынан бир нече мисалдарды келтирди.


Тегерек столдун жыйынтыгында, катышуучуларга Кыргыз Республикасынын судьялар ассоциациясынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана өркүндөтүү боюнча, анын ичинде алгачкы максаттары жана милдеттери боюнча бирикменин ишмердүүлүгүн күчөтүү жана Ассоциация тарабынан адилеттүлүктү жүзөгө ашырып жаткан судьяларды колдоодо жана коргоодо кандай иш-чараларын иштеп чыгуу сунуштамаларын берүүсү сунушталды.


Талас облустук сотунун


Басма сөз катчынын  м.а.                             Э. Балыбаев