KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Бакай-Ата райондук сотунда болду

22 июня 2021

2021-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова  Бакай-Ата райондук сотунда болду.


Төрайымды  аталган соттун төрагасы Нурмухамбет Кермалиев тосуп алып, аппарат кызматкерлери  жана судьялар менен тааныштырды.


Учурда аталган сотто эки судья жана беш аппарат кызматкери эмгектенет.


Төрайым райондук  соттун судьяларын  иштерди кароо сапатын жогорку деңгээлге көтөрүүнү, мыйзамдуулукту бекем сактоо менен иш алып баруусуна чакырды. Мындан тышкары иштерди кароодо процессуалдык мөөнөттөрдү бекем сактоону, соттук актыларды өз убагында жазып тараптарга тапшырууну жана кабыл алынган соттук актылардын  аткарылышын ар бир судья көзөмөлгө алуу жагын милдеттендирди.


Судьяларды жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, коомчулук менен биргеликте иш алып барып, соттук талаш-тартыштардын алдын алууга, сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей тажрыйбага жетишүүгө, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга багытталган  бир катар  маанилүү маселелерге токтолду.


Жогорку соттун төрайымы райондук соттун бир катар суроолоруна жооп берип, сот адилеттигин жүзөгө ашырууга, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга бардык аракеттер көрүлөөрүн кошумчалады.


Ошондой эле төрайым сот  приставдары менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.


Нургуль Бакирова үстүбүздөгү жылдын апрель айында төрайымдын демилгеси менен сот адилеттигин жүзөгө ашыруу сапатын жогорулатуу максатында жергиликтүү соттордун аппаратынын ишин оптималдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлгөндүгүн айтты.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши 2022-жылга карата сот тутумунун бюджетинин долбоорун жана 2023-2024-жылдарга  болгон божомолдорун талкуулоодо сот аппаратынын штаттык бирдигин камсыздоо маселеси  каралгандыгын кошумчалады.


Кеңеш жумушчу топтун корутундусун изилдеп чыгып, анын жүйөлөрүнө макул болуп, судьялардын жардамчыларынын кызмат орундарын көбөйтүү боюнча  чечим кабыл алгандыгын маалымдады.


Талас облусу боюнча 20 штаттык  бирдик берилип жаткандыгын белгиледи.


Андыктан, төрайым  сот кызматкерлери келген тараптарга сылык мамиле кылуу менен, жүрүм-туруму аркылуу өрнөк болушу керек экендигин, билимдүү жана маданияттуу адамдын үлгүсүн көрсөтүп, элдин ишенимин жогорулатууга бардык аракеттер көрүлүшүн талап кылды.