KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Талас райондук сотунун иши менен таанышты

18 июня 2021

2021-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Талас облусуна болгон иш сапардын алкагында Талас райондук сотунда болду.


Жогорку соттун төрайымын  аталган соттун төрагасы Ниязбек Калматов тосуп алып, жашылдандыруу иштеринин алкагында соттун имаратында жүргүзүлгөн иштер  менен тааныштырды.


Бардык сот отурумунун залдарында  аудио жана видео жаздыруу системасы орнотулуп, соттун автоматташтырылган маалымат тутуму (АМТ) толук кандуу иштеп, бардык иштер судьяларга автоматтык түрдө бөлүштүрүлүүдө.


Төрайым райондук соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жолугушуп,   жалпы сот тармагынын алдындагы милдеттерге токтолуп, эң башкысы  сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей  тажрыйбага жетишүүнү, мамлекеттик органдар менен өз ара бирдиктүү иш алып барууну жана  коомчулукта элдин сот тутумуна болгон ишенимин кайтарууда  мыйзамдын талаптарын бекем сактоону тапшырды.


Нургуль Бакирова жаңы кабыл алынган  Конституцияга ылайык,  сот тутумунун ишин жөнгө салган бардык мыйзамдар шайкеш келтирилип жаткандыгын кошумчалады.


Аппарат кызматкерлеринин иштөө шартын жакшыртуу маселесин  төрайым көтөрүп, ошол эле учурда келген тараптарга маданияттуу мамиле кылуу керек экендигин эскертти.