KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Бакай-Ата райондук сотунда тегерек стол жыйыны өткөрүлдү

28 марта 2024

Бакай-Ата райондук сотунун 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата түзүлгөн иш  планынын негизинде райондук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталиповдун төрагалыгы алдында, сот тутумунун кызматкерлери, райондук прокуратура, ички иштер бөлүмүнүн  жол кыймылынын коопсуздугу жана жалпы дарыгерлик практикалык борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол  жыйыны өткөрүлдү.


Жыйында  аталган соттун төрагасы  Эльярбек Абдимиталипов жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, айдоочулар мас абалында транспорт каражатын башкаруу чоң жоопкерчилике алып келээрин, ал эми жол кыймылынын коопсуздугун тескөөчүлөру тарабынан мас абалында транспорт башкарган айдоочуларга карата түзүлгөн протоколдор туура жана так түзүлүшүн, материалдарды сотко өткөрүүдө документтердин толук камсыз кылуусун талап кылуу менен бирге укук бузуучуларга карата жаза колдонуу чоң мааниге ээ экенин белгилеп өттү.


Мындан ары аталган жагдайларды болтурбоо максатында, Бакай-Ата районунун жалпы дарыгерлер практика борборунун жетекчисинин медициналык күбөлөндүрүү жана медициналык күбөлөндүрүүнүн протоколун тариздөөгө көңүлү буруу жөнүндө жеке аныктама чыгарылып жана кемчиликтерди жоюу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу сотко бир айлык мөөнөттүн ичинде билдирүлүүсү керек деген талап коюлду.


Протоколдорду түзүүдө жол берилген кемчиликтерди мындан ары болушуна жол бербөө үчүн жол кыймылынын коопсуздугун тескөөчү инспекторлорго маалыматтык түшүндүрүү иш чаралары өткөрүүлөрүн жана медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүүчү медициналык кызматкелерге окутуу уюштурулаары  жөнүндө өкүлдөр тарабынан белгиленип өттү.


Жолугушуунун соңунда ушул сыяктуу кемчиликтерди болтурбоо максатында маалыматтык жолугушүүлар өткөрүлүп турушу зарыл экендиги белгиленди.