KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облусундагы аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн жандандыруу

21 февраля 2024

Талас облустук соту тарабынан “Аксакалдар сотунун иш алып баруу тартиби жөнүндө” актуалдуу темада Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облустундагы ыйгарым укуктуу өкулчүлүгүнүн,Талас облустук сотунун төрагасынын жана судьяларынын, ошондой эле жергиликтүү сотторунун төрагаларынын, облус аймагындагы айылдык аксакалдар сотторунун төрагаларынын жана өкүлдөрүнүн катышуусунда семинар-жыйын болуп өттү.


Жыйынга катышкан облус жетекчиси Нурлан Дарданов аксакалдар сотунун аракети маанилуу экенин жана кыргызда илгертеден эле аксакалдардын айтканын угуп, алардын чечимдерине баш ийишип келишкенин белгиледи. Облустук соттун төрагасы Алмазбек Абдылдаев аксакалдар сотторунда жаралып жаткан көйгөйлүү маселелер боюнча иш-чараларды тийиштүү түрдө көзөмөлгө алууну сунуштады. Аксакалдар сотунун ишмердүүлүгү жакшырса, сотто карала турган иштер аз болмок деп белгиледи. Аталган соттун милдеттери боюнча маалыматтар айтылды. Ал эми аксакалдар сотторунун төрагалары өз ишмердүүлүгүнөн жаралган ар кандай жагдайлар боюнча суроолорун беришип,  жеткиликтүү жоопторду алышты.


Өткөрүлгөн иш-чаранын максаты аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүн жандандыруу. Элеттеги майда, бирок маанилүү көйгөйлөрдү чечүүдө аксакалдар сотунун орду чон, ошондуктан жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо көрсөтүлөру жана жергиликтуу соттор менен тыгыз байланышта иш алып баруусу керектиги белгиленди.