KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

1-ноябрь «Кыргыз милициясынын» уюшулгандыгынын 99 жылдык мааракесине карата Талас облустук К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында облустук милиция кызматкерлери жана облустук жетекчилердин катышуусунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

01 ноября 2023

Салтанаттуу иш-чарада Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Азенбек Козукеев куттуктоо сөзу менен майрамдык аземди ачты. Ошондой эле кызматтык милдетин так аткарып жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө кошкон салымы үчүн Талас облустук сотунун Ардак грамотасы менен Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Азенбек Козукеевге  облустук сотунун төрагасынын орун басары Абдимиталим Абылакимов тарабынан тапшырылып жана бир нече ички иштер органдарынын кызматкерлери Талас облустук сотунун ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты.