KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунда “Мамлекетибиздин тили – Кыргыз тили” темасында иш-чара өткөрүлдү

27 сентября 2021

Кыргыз тилинин  мамлекеттик тил катары жарыяланганынын 32 жылдык мааракесине карата Талас облустук сотунда майрамдык иш-чара өткөрүлдү.


Анда, Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, төраганын орун басары Айнура Султаналиева жана судьялар Бакыт Ибраимов менен Марсель Кенжеевдер, Кыргыз тили  мамлекеттүүлүктүн бирден бир белгиси жана элибиздин ынтымагы менен биримдигинин негизи экенин белгилеп өтүштү.


Ошону менен бирге мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө көп кадамдар жасалып, мыйзамдар кабыл алынып, иш-чаралар аткарылып жатканын жана кыргыз тилин жайылтууда, үйрөтүүдө жакшы программалар кабыл алынып жаткандыгы жөнүндө айтып өтүштү.


Мындан тышкары, соттун аппарат кызматкерлери Кыргыз тили жөнүндө улуу жазуучуларыбыздын сөздөрү жана ырлары менен тааныштырышты.


Иш-чаранын соңунда Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев Кыргыз тили-мамлекеттик тилибизди өнүктүрүүдө ар бирибиз салымын кошууга чакырды.