KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облусунун жергиликтүү соттор арасында кичи футбол жана волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

19 мая 2021

2021-жылдын 15-майында спортту  өнүктүрүү боюнча иш-чаранын алкагында Талас облусунун Талас райондук сотунун демилгеси менен Талас облусунун жергиликтүү сотторунун  судьяларынын, аппарат кызматкерлеринин жана Сот аткаруучулар менен приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн ортосунда кичи футбол жана волейбол боюнча мелдеш болуп өттү.


Футбол боюнча оюндун жыйынтыгында, Талас облусунун Административдик сотунун командасы эң мыкты деп табылып биринчиликти багындырды. Ал эми экинчи жана үчүнчү байгелүү орундарды Талас шаардык сотунун жана Бакай-Ата райондук сотунун   командалары ээлешти.


Ал эми, волейбол оюну боюнча катуу таймаштын жыйынтыгында биринчиликти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын жана Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн курама командасы багындырса, экинчи орунду Талас райондук сотунун  командасы ээледи. Ал эми үчүнчү байгелүү орунга  Кара-Буура райондук  сотунун командасы ээ болду.


Жалпысынан  мелдешке 8 команда катышып, жеңүүчүлөр кубоктор жана дипломдор менен сыйланышып, ошону менен бирге мелдештин “Мыкты оюнчусу” номинациясындагылар аныкталды.


Ал эми, кийинки турнирди уюштуруу үчүн өтмө кубок Талас облусунун Административдик сотуна өткөрүлүп берилди.