KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине карата Талас облусунун жергиликтүү соттор арасында “Спорт - Ден соолукту чыңдоо” ураан алдында кичи-футбол жана волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

06 сентября 2021

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине карата жана спортту өнүктүрүү боюнча иш-чаранын алкагында Талас облусунун Административдик сотунун демилгеси менен Талас облусунун жергиликтүү сотторунун  судьяларынын, аппарат кызматкерлеринин жана Кыргыз Республикасынын Жогоркук сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын сот аткаруучулар менен приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн ортосунда кичи-футбол жана волейбол боюнча мелдеш болуп өттү.


Футбол боюнча оюндун жыйынтыгында, Бакай-Ата райондук сотунун командасы эң мыкты деп табылып биринчиликти багындырды, ал эми экинчи жана үчүнчү байгелүү орундарды Талас облусунун Административдик сотунун жана Талас облустук сотунун командалары ээлешти.


Ал эми, волейбол оюну боюнча катуу таймаштын жыйынтыгында биринчиликти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын сот приставдар командасы багындырды, экинчи орунду Кара-Буура жана Бакай-Ата райондук сотторунун курама командасы ээледи, ал эми үчүнчү байгелүү орунга Талас облусунун Административдик сотунун командасы ээ болду.


Жалпысынан  мелдешке 8 команда катышып, жеңүүчүлөр кубоктор жана дипломдор менен сыйланды, ошону менен бирге мелдештин “Мыкты оюнчусу” номинациясында оюнчулар аныкталып сыйлуу белектер тапшырылды.


Мындан тышкары, волейбол оюну боюнча шаардык жана райондук сотторунун айымдары катышып, алар дагы өздөрүнүн командаларына олуттуу упайларды алып келишти.


Ал эми, кийинки турнирди уюштуруу үчүн өтмө кубок Кыргыз Республикасынын Жогоркук сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.