KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук соту окуу жайлар менен алака түзүүдө

24 мая 2021

Талас облустук сотунда орто кесиптик квалификациялуу адистерди — юристтерди даярдоо боюнча Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, төраганын орун басары Айнура Султаналиева жана судьялар Курал Эстебесов жана Азамат Алдашов, юридикалык колледжинин директору Айнура  Ажибаева жана укук жана социалдык дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы Жазгүл Чалабаева менен жолугушуу өткөрүлдү.Жолугушууда юридикалык колледжинин директору Айнура Ажибаева  жана Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев  биргелешкен кызматташууга кол коюшуп, Талас облустук соту студенттерди окуу, таанышуу, өндүрүштүк практикадан өтүүгө кабыл алуусуна макулдашышты.


Жолугушуунун сонуңда катышуучулар жолугушуунун уюштуруучуларына ыраазычылык билдиришип жана мындан ары чогу иш чараларды өткөрүү жөнүндө сүйлөшүлдү.