Эл аралык балдар күнүнө карата Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев жана судья Курал Эстебесовдор ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, Талас шаарынын тургунуна жардам беришти.
Баланын апасы мурун Талас райондук САКБ де иш алып баруучу болуп иштеген.
Жолугушуунун жүрүшүндө судьялар баланын жашоо шарты менен таанышып, баланын апасына азык-түлүк жагынан жана акчалай жардам көрсөтүштү.
Жолугушуунунун соңунда Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев баланын тагдырына кайдыгер эместигин, мындай жолугушуулар келечекте дагы боло тургандыгын белгиледи.
Ошондой эле баланын апасы Талас облустук сотунун судьяларына жана жалпы жааматына түшүнүп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылыгынын билдирди.