2022-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун катышуусунда Талас областынын жергиликтүү сотторунун 2021-жылдын ишмердүүлүгү боюнча видео конференц байланышы аркылуу кеңешме өткөрүлдү.
Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басарлары, судьялары, соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, Талас облусунун жергиликтүү сотторунун төрагалары, орун басарлары жана судьялары катышышты.
Кеңешмеде Талас облустук соттун төрагасынын орун басарлары биринчи инстанциядагы ар бир судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашырууда иштерди кароо сапаты, анын ичинде апелляциялык тартипте даттанылган соттук актылардын бузулушунун, өзгөртүлүшүнүн себептери боюнча маалымат менен тааныштырышты жана ал боюнча талкуулар жүргүзүлүп, соттордун кетирген кемчиликтерине көңүлдөрү бурулду. Ошону менен бирге иштерди кароодо келип чыккан суроолор талкууланды.
Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев Талас облусунун жергиликтүү сотторунун ишмердүүлүгү боюнча жалпылоо үчүн баяндама жасап, анда жергиликтүү соттордун жалпы соттук актыларынын апелляциялык жана кассациялык тартипте бузулушунун, өзгөртүлүшүнүн себептерине токтолуп кетти. Ошону менен бирге 2021-жылга аткарууга коюлган Иш пландарындагы иш чаралардын аткарылышы жөнүндө, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына коюлган Иш пландары жана АРД, АВФ с системаларынын иштеши боюнча маалымат берип өттү.